Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

АКШда аскерий психиатрга айып коюлду


5-ноябрда Техастагы аскерий базада ок чыгарып 13 адамды мерт кылган Нидаль Хасанга эми 32 пункт боюнча жаңы айып коюлду. Жаңы айып адам өлтүрүү аракеттерине, башкача айтканда майор Хасан ок чыгарганда жаракат алгандардын иши менен байланыштуу. Ал эми адам өлтүрүү фактысы боюнча айыптар мурдараак коюлган. Эки күн мурда белгилөө болгондой тергөө органдары Нидаль Хасандын ок чыгарган учурдагы психикалык абалын баалоону жана сот жараянына катышуу жөндөмүн аныктоону көздөөдө. Хасандын өзү жооп ирээтинде атылган октон жаракат алган. Аны кылмышка түрткөн жагдайлар учурда иликтенип жатат. Күбөлөрдүн айтымында, Хасан эки тапанчадан ок чыгарар алдында “Аллах акбар же Кудай улук” деп кыйкырган.

XS
SM
MD
LG