Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:48

КМШ өлкөлөрү коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашат


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинен билдиришкендей, 9-10-декабрда Минск шаарында эксперттик топ жыйын өткөрөт. Анда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн коррупцияга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы боюнча келишимдин долбоорун макулдашуу маселеси каралат. Аталган келишимде пара алуу, кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу өңдүү коомдун кызыкчылыгына каршы келген көрүнүштөр менен күрөшүүнүн таасирдүү жоболору камтылган. Келишимге ылайык, кызматташуунун негизги милдеттери – коррупцияны алдын алуу боюнча биргелешкен иш чара, программалардын макулдашылган саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, антикоррупциялык мониторинг жургүзүү жана кызматташунун укуктук базасын ишке ашыруу болуп саналат. (AzK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG