Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Камчыбек Ташиев кызматтан бошотуу боюнча арыз жазды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, министр Камчыбек Ташиевдин арызы азыр президенттин кабылдамасында жатат. Учурда Камчыбек Ташиев Жалал-Абадга жол тартты. Бүгүн өкмөттүн жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев министрликтин корунда турган 18 млн сомду министрликтин кызматкерлерине үй куруу үчүн жумшаганы ачыкталып, премьер-министр Данияр Үсөнов муну кемчилик катары баалаган. Бирок акчаны Ташиев чөнтөгүнө эмес, үй курууга жумшаганын белгилеп, эгерде ушундай катачылыктарга келечекте дагы жол берилсе кызматтан дароо аларын билдирген. Буга жооп кылган Камчыбек Ташиев кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазарын билдирип, жыйын залынан чыгып кеткен эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG