Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:36

Баткен облусунун мурунку губернаторуна каршы эки кылмыш иши козголду


Каржы полициясы Баткендин мурдакы губернаторуна каршы эки кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Адылбек Абдраимов бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда козголгон кылмыш иштер боюнча тергөө жүрүп жатат. Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков өз ишиндеги кетирген кемчиликтер үчүн 10-декабрда кызматынан алынганын президенттин маалымат кызматы кабарлаган эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG