Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Британ өкмөт башчысы Ооганстанга күтүүсүздөн барды


Гордон Браун бүгүнкү сапарынын жүрүшүндө ооган президенти Хамид Карзай менен кездешти. Британ премьеринин Кандагардын аэропортунан кабарчыларга айтканына караганда, АКШ жана анын өнөктөштөрү Талибанга каршы күчүн чыңдап жаткан шартта, алдыдагы бир нече ай Ооганстан үчүн чечүүчү болот. Британия Ооганстанга кошумча 500 жоокер жөнөткөнү жатат, АКШ болсо 30 миң аскер жиберүүгө даярданууда.

XS
SM
MD
LG