Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Кыргызстанда Бажы союзуна кирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү


Бул туурасында Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Санкт-Петербурда болуп өткөн ЕврАзЭШтин жыйынында билдирди. “Кыргызстан Бажы союзунун түзүлүшүн колдойт. Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу өлкөгө регионалдык союздардын бирине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Демек Кыргызстан Бажы союзуна кирүүнү максат кылат”,-деди Данияр Үсөнов.

ЕврАзЭШтин мамлекеттер аралык жыйыны 11-декабрда Санкт-Петербургда болуп өттү. Анда дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттин азайтуу чаралары туурасында талкуу жүрдү. Күн тартибиндеги 20 маселенин ичинен Бажы союзунун жана Евразиялык экономикалык коомчулуктун алкагындагы бирдиктүү экономикалык аймактын түзүлүшүнө байланыштуу маселелерге басым жасалды. (AzK)

XS
SM
MD
LG