Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

ИИМ кызматы отун-кубат уурдагандарды текшерүүдө


Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жаратылыш газын жана электр кубатын уурдагандарга каршы иш чара өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, коррупция менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын он беш күнүндө газ уурдоо боюнча үч, электр кубатын уурдоо боюнча 45 фактыны каттап, 7 кылмыш ишин козгогон. Жалпы жонунан отун-кубатын уурдоодон мамлекетке 966 миң 729 сом зыян келтирилген. Бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, келтирилген зыяндардын ордун тургузуу боюнча иш чара көрүлүүдө. Мындай текшерүү келерки жылдын биринчи кварталында дагы улантыларын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG