Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Президент эки өнөр адамын үйлүү кылды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын солисттери – КР Эмгек сиңирген артисти Садирбек Жумашовго жана эл аралык конкурстардын лауреаты Каинбек Кускаковго 2 бөлмөлүү квартира алууга укук берген сертификаттарды тапшырды. Мамлекет башчы аларды жаңы конушу менен куттуктап, “Биз мындан ары да маданият тармагынын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бөлмөкчүбүз. Опера жана балет театрыбыздын имаратынын абалын жакшы билем. Өкмөткө аны капиталдык ремонттон өткөрүүгө зарыл болгон каражатты табууга тапшырма берилген. Андан тышкары, келерки жылдан тартып театрдын кызматкерлеринин айлык акысы 2 эсеге көбөйтүлөт”, - деп убада берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин президент Курманбек Бакиевдин жеке колдоосу менен Эл артисттери Жамал Сейдакматова, Бакирдин Алиев, жаш ырчы Өмүрбек Андарбеков батирлүү болушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG