Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Укук коргоочулар: Б.Иманкожоева куугунтукталууда


““Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору врач – укук коргоочу Бактыгүл Иманкожоеванын соттолушу боюнча Жогорку Сотко, Сот акыйкаттыгы боюнча улуттук кеңешке, Генералдык прокурорго, жарандык коомчулукка, жалпы эле укук коргоочуларга кайрылды.

Анда Жогорку Соттон Б.Иманкожоеванын баш мыйзамда жазылган укугун калыбына келтирип, ишин кайра кароо талап кылынат. Анткени Жогорку Сот 15-декабрь күнү Б.Иманкожоева ооруканага түшүп калганына карабай ага байланыштуу ишти карап, шарттуу түрдө соттоп жиберген.

Кайрылуунун Сот акыйкаттыгы боюнча улуттук кеңешке жолдонгон бөлүгүндө баш мыйзамды, кылмыш-жаза кодекстерин бузуп, айыпталуучунун жүйөлүү себептерге байланыштуу өзү жана жактоочусу жок болсо да соттоп жиберген Жогорку Соттун судьяларын кызматтан бошотуу үчүн президентке сунуш киргизүүлөрү керектиги айтылат.

Ал эми Генералдык прокуратура менен Ички иштер министрлигинен Б.Иманкожоевага байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүп, мыйзамды бузган адамдарга чара колдонуулары талап кылынат.

Ошондой эле уюм жарандык коомчулук менен укук коргоочулардан Б.Иманкожоеванын укуктарын коргоого көмөктөшүү суралат.

Эскерте кетсек, 2007-жылы Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында башкы врач болуп турган Бактыгүл Иманкожоевага карата кылмыш иши козголуп, кызмат абалынан пайдаланганы, коррупциялык иш аракет жүргүзгөнү үчүн айыпталган. Ошондон тарта сот процесси жүрүп, Ысык-Көл облустук соту аны 304-берене боюнча шартуу түрдө жаза чечимин чыгарган. 15-декабрда Жогорку Сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми Б.Иманкожоева андан бир күн мурда жүрөгү кармап Бишкек шаарындагы № 6-кардиологиялык ооруканасына жаткырылган болчу. Учурда Б.Иманкожоеванын саламаттыгы жакшырып калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Б.Иманкожоеванын бир тууганы, “Карек” укук коргоо борборунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG