Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Чүйдө жыл башынан бери 43 жаңы ишкана ачылган


Бул тууралуу журналисттерге облустун губернатору Болоткан Кумаров билдирди. Анын айтымында, 11 айдын ичинде Чүй облусунда өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 30,5 млрд. сомго жакын болгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 млрд. сомго көп. Губернатор кичи жана орто бизнес өнүгүп, бюджетке салык топтоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын айтты. “Биринчи жолу Чүй облусунда экспорт импорттон көп болду. Биз азыр потенциалдуу инвесторлор менен иштешип жатабыз. Кийинки жылы экспорттун көлөмүн жок дегенде 15-20 пайызга көтөрүүнү пландап жатабыз”, дейт облус башчысы. Жетекчилик учурда облустун жыйырма жылдыгына даярдыктар көрүлүп жатканын, ал келерки жылдын декабрь айында өтөрүн кабарлады. Б.Кумаровдун айтымында, ошол убакка чейин ар бир районго 20 чоң ишкана ачуу пландалып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG