Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Өзгөн районунун мурдагы судьясына каршы кылмыш ишин козгоду. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, сот учурунда жалган иш-кагаздарды пайдаланган деген күнөөлөр коюлууда. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады, бирок укурукка илинген адамдын аты-жөнү айтылган эмес. Тергөө материалдарына караганда мурдакы соттун жалган чечимдери мамлекетке 13 млн. сом зыян алып келген. (КЕ)