Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:33

Германияда Жон Демянюктун соту уланууда


Соттун Мюнхенде бүгүн кайра жанданган отурумунда бир кезде Польшанын аймагында турган Собибор өлүм лагеринде мерт болгондордун туугандары көрсөтмө беришти. Теги боюнча украин, жашы азыр 89га келип калган Демянюк аталган лагерде сакчы катары иштегенде 27 миң жөөттүн кырылуусуна кол кабыш кылган деп айыпталууда. Демянюк, анын өзүнүн ырастоосунда, Экинчи дүйнөлүк согшуш учурунда, нацисттерге туткунга түшкөнгө чейин советтик армиянын катарында кызмат кылган. Анын иши Германияда нацисттик доор менен байланышкан сот иштеринин соңкусу болчудай.

XS
SM
MD
LG