Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Бүгүн Камбар-Ата-2 ГЭСинде сууну бөгөө иш чарасы өткөрүлөт


Күндүзгү саат он экилерде Камбар-Ата-2 ГЭСине сууну бөгөө максатында ири масштабдуу жардыруу жүргүзүлүшү күтүлүүдө. "Буга байланыштуу бардык даярдык иштери көрүлүп бүттү",- деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан. Бүгүн Бишкек-Ош авто жолунун 260-455-чакырымы эртең мененки саат тогуздан баштап убактылуу жабылып, ГЭСке жакын жайгашкан Кара Жыгач айылынын тургундары 600 метр айылдан алыс, кооптуу жерде тигилген чатырчаларга жеткирилет. Мурда президент Курманбек Бакиев дагы сууну бөгөө иш чарасына катышары маалымдалган эле. Президенттин басма сөз кызматы болсо өлкө башчысын Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги иш чарага барбастыгын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG