Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Жогорку Сотто укук коргоочуларга карата сот иши башталды


Бул тууралуу адвокат Абдыкерим Ашымов “Азаттыкка” билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун кызматкерлери баштаган сегиз укук коргоочу Бишкектин Горький паркында Ирандагы жагдайга кабатыр акция өткөрүшкөн. Ошол күнү 150 өлкөдө өткөн укук коргоочулардын нааразылык акцияларынын катарында кыргызстандык укук коргоочулар Иран бийлигинен президенттик шайлоодон кийинки адам укуктарын басмырлоону токтотууну, камакка алынгандарды бошотууну талап кылышып, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбадинин Ирандагы жагдайга БУУнун киришүүсү тууралуу демилгесин колдоорун билдиришкен. Акция соңунда укук коргоочулар Бишкектеги Иран элчилигине кайрылуу тапшырганы жөнөп жаткан жеринен Биринчи Май РИИБ кызматкерлери аларды жөө жүрүш уюштуруп жатасыңар деген негизде кармап, кийинчээрек Биринчи Май райондук соту Административдик Кодекс боюнча аларды бейбаштык үчүн 1500 сом эсебинде айып пулга жыккан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да күчүнө калтырып, нааразы укук коргоочулар Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG