Бул тууралуу гидротүйүндөгү жардырууга жеринен байкоо салып жүргөн биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. УТРК уюштурган теле-көпүрө аркылуу жардырууга күбө болгон өлкө башчысы Курманбек Бакиев “жардыруу аркылуу сууга бөгөт коюу – уникалдуу технология” экендигин белгиледи. Бүгүн саат 12.00дө өткөн чоң масштабдагы жардырууга 800 тоннадан ашык жардыргыч заттар колдонулуп, ал экологиялык жана гидротехникалык бардык эрежелерди сактоо менен уюштурулганы маалымдалды. (EK)