Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Чүй: “20 жылдыкка - 20 имарат”


Бул туурасында бүгүн "Азаттыкка" губернатордун орун басары Самарбек Күчүков билдирди. Маалыматка ылайык, облус 2010-жылдын соңунда 20 жылдык мааракесин белгилейт. Учурда губернатор Болоткан Кумаров “20 жылдыкка - 20 имарат” деген демилге көтөрдү. Эми жергиликтүү бийлик мааракеге чейин ар бир райондон жыйырмадан имаратты оңдоп-түзөп же жаңы куруусу керек. Ал эми жакшыртууга кеткен каражаттын негизги булагы чет элдик көмөкчү уюмдар менен жергиликтүү демөөрчүлөрдөн болот. Чүй облусу 1990-жылдын 14-декабрында түзүлгөн. Аймакта 8 район, 1 шаар, 363 айыл бар. (JJ)

XS
SM
MD
LG