ЖК төрагалыгына талапкер Зайнидин Курмановдун сөзүнөн кийин депутаттар суроо-сопкуту жок эле добуш берүүгө киришүүнү чечишти. Бирок анын алдында айрым депутаттар талапкерге каалоо-тилектерин айтышты. Алгач сөз алган парламенттеги эң аксакал депутат Бейшебек Акунов (Коммунистер фракциясы) талапкерди жалпы депутаттар бир добуштан колдооруна ишеним артып, ЖК төрагасынын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы коомчулуктун көз алдында экенин эскертүү менен талапкерди эгер төрагалыкка шайланса сөзгө так болууга чакырды. Аксакал депутат муну менен Зайнидин Курманов буга чейин “Ак жолдон” башка эки фракциянын депутаттарын “токолдун балдары” деп туура эмес сүйлөп алганын, депутаттар бул үчүн кечирим суроону талап кылса ал кечирим сурабай, анын ордуна “Ак жол” фракциясынын ошо кездеги төрайымы Элмира Ибраимова кечирим сураганын эскертип өттү. Бейшебек Акунов мындан сырткары талапкерди кыргызча эжелебей так, таза сүйлөөнү үйрөнүүгө, шайланып калса акыйкат төрага болууга чакырды.
Талапкер Зайнидин Курманов болсо буга жооп кылып, күнөөсүн мойнуна алаарын, учурунда “токолдун балдары” деген сөздү башкача мааниде айтканын, өзү дайыма либерал-демократиялык көз карашты тутунаарын белгиледи.(SM)