Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук илимдер академиясынын 55 жылдыгына арналган салтанатка биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров, Орусиянын илимдер академиясынын академиги Ю.Леонов, Орусиянын кубаттуу энергия институтунун директору А.Рыбиндин катышуусу күтүлүүдө. Бул иш чара илимдер академиясынын кызматкерлеринин илимий-иновациялык иштеринин көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталат. (AJ)