26-декабрда бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар чогулуп, журналист Геннадий Павлю мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны талкуулашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Интербилим” укук коргоо уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева билдирди. Жыйын “Достук” мейманканасында өтөт. “Белый Парус” басылмасынын редактору, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 17-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей 22-декабрда таңында каза болгон. Укук коргоо органдары журналист атайын кол салуунун натыйжасында өлтүрүлдү деген божомолдорун айтып жатышат. (КЕ)