Бул тууралуу 26-декабрда депутат Максат Кунакунов парламент жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Бишкектеги Разаков көчөсүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Сунтар-Бишкек” ишканасы 200дөн ашуун жергиликтүү курулушчулардын 12 млн. сомдук маянасын бере албай келет. Буга аталган ишкананын курулуштагы кээ бир мыйзамсыз иштери себепкер болууда. Учурда 95 пайызын жаштар түзгөн курулушчулар депутаттардан акчаларын өндүрүп берүүнү суранып жатышат. (SA)