Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Бишкектеги өзбекстандыктар элчиликте добуш берип жатышат.


Бул тууралуу “Азатыкка” Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен кабардар кылышты. Эрте мененки саат сегизде башталган добуш берүү кечки саат алтыда аяктайт. Бүгүн Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 150 мандаттын 15и автоматтык түрдө Өзбекстандын экологиялык кыймылына ыйгарылган. Учурда калган 135 мандаттын ээлери үчүн добуш берилүүдө. Шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн төрт гана партия уруксат алган. Булар Элдик Демпартия, "Адолат" Социалисттик Демпартиясы, "Мили Тикланиш" жана Либералдык Демпартия.
“Фридом Хаус”, “Хьюман Райтс Уотч” өңдүү эл аралык укук коргоочу уюмдар Өзбекстандагы бүгүнкү шайлоону утурлай адам укугун коргоочу активисттерге куугунтук күчөгөнү тууралуу билдиришкен. Ал эми “Фридом Хаус” уюму расмий Ташкенди атуулдук коомго каршы багытталган узактан берки катаал саясатын өзгөртүү боюнча тийешелүү чара көрбөгөнү үчүн да айыптаган.(SA)

XS
SM
MD
LG