Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Каза тапкандар арасында оппозиция лидеринин жээни да бар


Тегеранда миңдеген демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышканда кеминде төрт адам каза тапканын мурдараак жергиликтүү көз карандысыз маалымат булактары билдиришкен. Кагылыштарда бир нече адам каза тапканын жекшемби күнү кечке жуук Ирандын мамлекеттик телеси да ырастады. Бирок кандайдыр бир цифраны айткан жок. Ал эми өлгөндөрдүн арасында оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусавинин жээни Али Мусави да бар экендиги тууралуу биринчилерден болуп реформачыл багытагы Parlemannews интернет сайты маалымдады. Бул кабарды Мусавинин кеңешчиси Алиреза Бехешти ырастады.

Демонстранциялар жекшембиде Ирандын башка шаарларында да болгону кабарланды. Тегерандагы кагылыштар шийиттердин өтө маанилүү Ашура диний майрамына жана Ирандагы оппозициячыл кыймылдын руханий жолбашчысы деп саналган Улуу аятолла Хоссеин Али Монтазеринин жетилигине тушташ орун алды.

XS
SM
MD
LG