Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

ЖК төрагасы З. Курманов "Даңк" медалына татыды


Мамлекет башчысы К. Бакиев бүгүн өлкөнүн ьир катар көрүнүктүү инсандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жогорку сыйлыкка татыктуу болгондордун катарында Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кафедра башчысы, Кыргызстандагы дунгандардын коомдук бирикмесинин мүчөсү Х. Бебезов мамлекетке жана Кыргызстандын элине сиңирген эмгеги үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Мыйзам чыгаруу ишинде жана республикадагы социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү активдүү ишмердүүлүгү үчүн Жогорку Кеңештин II жана IV чакырылыштарынын депутаты, парламент төрагасы З. Курманов “Даңк” медалына татыктуу болду.

Кыргызстандын каржы министри, Жогорку Кеңештин II жана IV чакырылыштарынын депутаты М. Султановго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардактуу наам берилди.

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ырчысы К. Кускаковго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген наам ыйгарылды.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун 1-орун басары Б. Салиевге “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Осмонканов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. (GA)

XS
SM
MD
LG