Араван районунун Жар-Кыштак айылын Өзбекстан Совет доорунан бери аларды электр кубаты менен камсыз кылып келаткан. Бирок акыркы эки аптадан бери коңшу өлкө кыргызстандыктарды күн сайын жыйырма сааттан жарыксыз калтырууда. Жергиликтүү калктын Араван райондук бийлигине кайрылуусунан майнап чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын тургундары билдирди. Бул айылда жыйырма чакты үй-бүлө, баш аягы жүздөн ашуун киши жашайт.
Араван районунун акиминин орун басары Абдулхаким Абдулхамидов менен байланышканыбызда, өз ара келишимдин негизинде Өзбекстан мындан ары жарыкты өчүрбөй тургандыгына ишендирди.
Ошентсе да, жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан өлкө ичинде бирдиктүү электр түйүнүн түзмөйүнчө, энергетикалык көз карандылыктан кутула албастыгын эскертүүдө. (ATo)