Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Акыйкатчынын орун басарларынын ишмердигинин жөнгө сала турган мыйзам долборлорун кабыл алды. Бул мыйзам долбоорлоруна депутаттар: Зайнидин Курманов, Бейшебек Акунов, Эрнст Акрамов жана Алишер Мамасалиев демилгечилик кылышты. Акыйкатчынын орун басарларынын ишмердиги 5 жылга чакталып, аларды тандоодо гендердик талап да эске алынышы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. (EK)