Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

БУУ ооган парламентинин чечимине нааразы


Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын жетекчиси Кай Еиде ооган парламенти президент Карзай сунуш кылган өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүн жактырбай койгонун “саясий артка кетүү” деп баалады. К.Еиде бүгүнкү билдирүүсүндө ооган парламенти президент Хамид Карзай министрликке сунуш кылган 24 адамдын 17син жактырбай коюшун “азыркы катаал учурдагы натуура аракет” деди. Анын айтымында, Карзай жаңы министрлерди тапканга дагы убакыт кетет. Өкмөттүн жаңы курамын президент декабрда сунуш кылган эле. Депутаттар болсо алардын көбүн Карзайга жакын адамдар, же мурдагы талаа командирлери, же тажрыйбасы жок деп аташты. Эми президент өкмөт мүчөлөрүн шайлоону кайра өткөрүшү керек болот.

XS
SM
MD
LG