Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Учакты жардырмакчы болгон нигериялыкка айып коюлду


25-декабрда Амстердам-Детройт багытындагы америкалык учакты жардырмакчы болгон нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлабга АКШнын Мичиган соту ырасмий айып койду. Ага 289 жүргүнчүнү өлтүрмөк болгон, массалык кыргын салуучу куралды колдонууга аракет жасаган деген сыяктуу алты пункттан турган айыптар тагылды. Айрым маалыматтар боюнча 23 жаштагы Абдулмуталлаб «Ал-Каиданын» Йемендеги өкүлдөрү менен байланышта болгонун мойнуна алган. Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама чалгын кызматтарында террактка аракет жасоону токтотууга баардык зарыл маалыматтар болгон, бирок андан жыйынтык чыгарган эмес, деп күч органдарын сынга алды.

XS
SM
MD
LG