Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Иран парламентинин комиссиясы мурдагы прокурорду айыптады


Иран парламентинин комиссиясы Тегеран шаарынын мурдагы прокурору кеминде 3 демонстранттын өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты. Алар былтыр июлда талаштуу президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялар маалында кармалган. Комиссиянын ырастоосунда, прокурор демонстранттарды Эвин түрмөсүнө эмес, Кахризак кармоочу жайына камоо буйругун берген. Ал жерде туткундар кордолуп келген. Комиссия өкүлү билдиргенине караганда, маркумдар 4 күн бою “таяк жеп, тамак-ашсыз, суусуз кармалган”.

XS
SM
MD
LG