Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

“Азаттык” – “Бийиктик” сыйлыгынын ээси


“Эко-Гармония-Аялдар” коомдук фонду маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө жана социалдык темаларды чагылдырышына жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык “Азаттык” үналгысы радиолор ичиндеги сынактын жеңүүчүсү болуп табылды. Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн болуп өтүп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө сурамжылоого 800 респондент тартылган. Алардын аныктоосу боюнча гезиттердин ичинен “Дело№” басылмасы 1-орунду, “Агым” 2-орунду, “Слово Кыргызстана” 3-орунду ээледи. Маалымат агенттиктеринин ичинен “Кабар” агенттиги 1-орунга, “Аки-пресс” 2-орунга, “24kg” агенттиги 3-орунга татыктуу болушкан. Телекөрсөтүү тармагында 1-орунга ЭлТР, 2-орнуга НТР, 3-орунга 5-канал ээ болду. Радио жаатында 1-орунду “Азаттык”, 2-орунду кыргыз радиосу, 3-орунду “Миң кыял” радиосу ээлешти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG