Бүгүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча соттук териштирүү уланып анда айыпталуучу көрсөтмө берет. Бул тууралуу А. Жекшенкулов “Азаттыка” маалымдады. Мурунку тышкы иштер министри Кытайдан келген каражатты пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. А. Жекшенкулов айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирип келген. Кыргызстанда беш басылма былтыр жыл этегинде А. Жекшенкуловду “Жылдын адамы” деп тапкан. (EBM)