Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Акыйкатчы орун басарларынын жоопкерчиликтери күчөтүлөт


ЖКнын Этика жана регламент комитети Акыйкатчы орун басарларынын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бүгүн депутаттар “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы” жана “Жогорку Кеңеш” регламенти мыйзам долбоорлорун талкууга алышты. Өзгөрүүлөргө ылайык, эми Акыйкатчы орун басарлары Жогорку Кеңеште ант берүүгө милдеттендирилди. Мындан тышкары эгер парламент Акыйкатчынын жыл ичиндеги ишин канааттандыраарлык деп таппаса, бул үчүн жоопкерчиликти анын орун басарлары да көтөрүшү абзел. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын чектөө укугу атайын түзүлгөн депутаттык комиссияга жүктөлмөкчү. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жолдонду. (EK)

XS
SM
MD
LG