Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

М.Бакиев: Кыргызстан Кытай менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар


“Кыргызстан Кытай менен ведомстволор аралык кызматташууну терендетүүгө кызыкдар”, -деп билдирди өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев 12-январа Пекин шаарында, Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү иштери жана реформалар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Чжан Сяоцян менен жолугушуу учурунда.
“Биз үчүн Кытайдын экономикалык өнүгүүсүндөгү тажрыйбасы абдан маанилүү жана баалуу болуп саналат. Кытай Борбордук Азия аймагындагы алдыңкы катардагы мамлекет”,- деп баса белгиледи Максим Бакиев.
Өз кезегинде Чжан Сяоцян Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиги макроэкономикалык жөнгө салуу жана стратегиялык пландаштыруу менен алектенип, аткарган милдеттери боюнча Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү иштери жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин милдети менен үндөш экендигине токтолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG