Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Түркияда Рим папасын өлтүрүүгө аракеттенген адам түрмөдөн чыкты


Окуя 1981-жылдын 13 майында болгон эле. Түркиялык Мехмед Али Агжа Рим –католик чиркөөсүнүн башчысы, Иоан Павел Экинчини Римдин Ыйык Петр аянтында аткан. Папа анда олуттуу жаракат алган. Кылмыштын себептери болсо азыркыга чейин анык эмес. “Көк карышкырлар” деген улутчул уюмдун мүчөсү деп эсептелген Али Агжа андан бери 29 жылдан ашуун өмүрүн түрмөдө өткөрдү. Анын 19 жылы Италияда Рим папасынын өмүрүнө кол салганы үчүн, 10 жылы өз мекенинде журналистти өлтүргөнү үчүн берилген. Иоан Павел Экинчи 1983-жылы эле өзүнө кол салган адам менен көзмө -көз жолугуп, аны кечиргенин билдирген. Түрмөдөн чыккан соң журналисттер үчүн таратылган билдирүүсүнө азыр жашы 52ге келип калган Али Агжа акыр заман болот деп ырастайт.

XS
SM
MD
LG