Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Белгилүү украин журналисти Роман Купчинский дүйнө салды


Шейшемби күнү АКШда белгилүү украин журналисти Роман Купчинский узакка созулган оорудан кийин 66 жашында каза тапты. Ал 1944-жылы Венада туулуп, 5 жашында анын үй-бүлөсү АКШга көчүп барган. Купчинский университеттен политология боюнча диплом алып, Вьетнамдагы согушка да катышкан. Кийинчерээк АКШдагы “Пролог” деп аталган белгилүү украин басмаканасынын президенти болгон. 1991-жылдан тарта “Азаттыктын” украин кызматынын деректири болгон. 1992-жылы анын демилгеси менен Киевде бул радиостанциянын коррпункту ачылган. 2002-жылдан тарта ал изилдөөчүлүк ишке өткөн эле.

XS
SM
MD
LG