Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Алайда мал кырыла баштады


Бул туурасында Алай районунун бир катар айылдарынын жашоочулары “Азаттыкка” кабарлашты. Алардын айтышынча, кар калың түшкөндүктөн, тоолуу аймакта карышкыр-чөөлөр көбөйүп, короолорго чейин кирип, менчик малдарга кол салууда. Элеттиктердин өз күчү менен жырткычтарды жок кылуу аракетинен майнап чыкпай жатат.

Ош облустук аңчылыкты көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Өктөм Сабиров алайлыктардын маалыматын ырастап, каражаттын тартыштыгынан өрөөндөрдө мергенчи кармоо кыйынга туруп жаткандыгын, ошентсе да, жергиликтүү бийликтердин жардамы аркасында карышкыр-чөөлөрдү атуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG