Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда УКМКнын кызматкерлери менен Бишкектин прокуратурасы Чүй облусунун Аламүдүн ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү опузалап 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. (AJ)