Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

ЕБ кыргыз бийлигин Г.Павлюктун өлгөн окуясын иликтөөгө чакырат


Евробиримдик кыргыз бийлигин маркум журналист Г.Павлюктун өлүмүн иликтөөгө алып, күнөөлүү адамдарды таап, жазага тартууга чакырып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Германия элчилиги билдирет. Маалыматка ылайык Евробиримдиктин Испан өкүлчүлүгү ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин 791-жыйынында кыргызстандык журналист Г.Павлюктун өлүмү тууралуу кеп козгоп, казак жана кыргыз бийликтерин кылмышка тиешеси барларды табууга үндөдү. Германия элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей ЕБ Кыргызстанда журналисттерге жана саясатчыларга карата кол салууларга терең тынчсыздануу билдирген. Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучка кептелип жаткандыгын белгилеген ЕБ кыргыз бийлигин буга чейин ММК эркиндиги жаатында жетишилген ийгиликтерди жоготуу албоого чакырып, эл аралык милдеттенмелерге ылайык өлкөдө көз карандысыз журналистиканын коопсуздугу үчүн шарттарды түзүүгө чакырды. ЕБ Кыргызстан менен мындан ары адам укугу жаатында тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG