Апта көз ирмемдери: 16-22-январь (ZMa)
1
17-январда Украинада президенттик шайлоо өттү - Сүрөттө: Донецк облусунда украиналык кенчи шайлоо бекетинде добуш берүүдө.
2
18-январда Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенко шайлоодон кийин маалымат жыйынын өткөрдү. Февралда шайлоонун экинчи айлампасында Тимошенко Виктор Янукович менен атаандашат.
3
18-январда Ооганстандын ордо калаасы Кабулда бир катар кол салуулар болуп, 12 адам мерт кетти.
4
19-январда Москванын жанындагы кечилканада православдар Чокунуу майрамын белгилешти.
5
Кыргызстанда да православдар Чокунуу майрамын белгилешип, буга байланыштуу жөрөлгөлөрдү өткөрүштү.
6
19-январда Москвада милиция фашизмге каршы митингди күч менен таратты. - Демонстранттар өткөн жылы киши колдуу болушкан адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурованын элесине арналган антифашисттик митинг өткөрүштү.
7
Азербайжанда 1990-жылы Бакуда орун алган “кара түндүү январдын” курмандыктары эскерилди. - Мындан туура 20 жыл мурда, 20-январда Азербайжанда эгемендүүлүк үчүн митинг өтүп, ал Советтик армиянын күчү менен басылган. Кагылышууда 200 киши набыт болуп, жүздөгөн адам жараат алган.
8
12-январда Гаитиде орун алган зилзаладан бир аптадан кийин да бул өлкөгө медициналык жардам, таза суу жана азык-түлүктөрдү жеткирүү иштери уланууда.
9
Туман каптаган Ооганстандын ордо калаасы Кабул шаары.
11
Москвадагы Кызыл аянт.