Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Францияда парламент мусулман аялдар кийими боюнча маселени талкуулайт


Депутаттар алардын бети-башын чулгап жүрүшүнө жарым-жартылай тыюу салууга кеңеш берет деп күтүлүүдө. Президент Николя Саркози «Францияда кабылданбайт» деп мүнөздөгөн аялдардын мусулманча кийими парламент тарабынан алты айдан бери иликтенген. Парламенттик комиссиянын жетекчилиги билдиргенге караганда, депутаттар паранжы, хижабды коомдук транспорт, мектеп, оорукана, коомдук кеңселер сыяктуу күнүмдүк турмуш жайларында чектөөнү туура табышты. Францияда мусулманча жоолук салынууга мамлекеттик мектептерде жана коомдук мекемелерде 2004-жылдан бери тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG