Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Бишкекте 20 киши ачкачылык кармоодо


Саясий камактагылардын боштондугун талап кылган ачкачылык акциясына күн сайын жаңы кишилер кошулууда. Саясий камактагыларды коргоо комитетинен “Азаттыкка” билдиришкендей кечээ Балыкчыдан бир нече киши келип, 23-июлдагы президенттик шайлоо күнү камакка алынган жакындарынын боштондугун талап кылуу менен саясий ачкачылык жарыялагандардын катарына кошулду. Бүгүн дагы беш-алты киши кошулуусу күтүлүүдө. Ачкачылык кармап отурган кишилердин саламаттыгын дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Андан тышкары “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары, дарыгер-кардиолог Ташболот Балтабаев да алардын ден соолугун карап, кан басымдарын текшерүүдөн өткөрүп жатат.
Ачкачылык акциясы мурунку коргоо министри, 11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган И. Исаковдун кичи мекени Сопу-Коргондо да уланууда. Бүгүн ал жерде 10 киши саясий талап менен наар албай отурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG