Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Эки Корея ортосундагы чек арада атышуу болду


Түндүк жана Түштүк Кореянын талашка түшкөн чек ара аймагында ок атышуу болгону маалымдалууда. Түндүк кореялык аскерлердин артиллериялык аткылоосуна түштүк кореялык тарап асманга атып жооп кайтарган. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Пхеньян бул – салттуу аскерий машыгуунун бир бөлүгү болчу деп, анын уланары жөнүндө эскертти. Эки Корея Сары деңиздеги чек ара боюнча көптөн бери талашып келатат. Былтыр ноябрда эки өлкөнүн кемелери ортосунда кармаш тутанган. Сеулдун расмий өкүлү Түндүк Корея жок жерден абалды курчутуп жатат деп айыптады.

XS
SM
MD
LG