Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Исаков акталмайынча ачкачылык уланары айтылууда


Ачкачылык акциялары Исмаил Исаковдун арызы Жогорку Аскер Сотто каралганга чейин токтотулбайт. Мындай маалыматты Саясий туткундарды коргоо комитетинин башчысы Топчубек Тургуналиев “”Азаттыкка” билдирди. Жогорку Аскер Сотуна саясатчынын апелляциялык арызын адвокат Азимбек Бекназаров өткөн аптада берген болчу. Мыйзам боюнча арыз бир айдын ичинде каралышы керек.
Тургуналиевдин билдиргенине караганда кечээ Бишкекте жана Алайда ачкачылык акциясына катышкандардын саны 21 болду. Алар 8 жыл эркинен ажыратылып, 11-январда камакка алынган мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковду актоо, саясий туткундарды бошотуу, репрессияны токтотуу талаптарын коюп жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG