Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 17:27

Баткен облустук телекомпаниясы кайра каттоодон өтүп жатат


Бул тууралуу облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө жетекчисинин 2009-жылдын 28-декабрындагы жарлыгына ылайык, облустук телерадиокомпаниялар облбийликтин карамагына өтүүгө тийиш. Ошондуктан мекеменин жобосун атайын түзүлгөн комиссия кайрадан иштеп чыгып, азыр эксперттер менен юристтердин кароосунда турат. Бүгүнкү күнгө облустук акимчилик телевидениенин материалдык-техникалык мүлктөрүн кайра каттап өз эсебине алды. Ал эми жаңы жобого ылайык штаттык бирдиктер мурдакыдай эле 34 бойдон сакталып калды. (JsA)

XS
SM
MD
LG