Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

“Петровка иши” уланууда, ИИМ сөгүш алды


Кечээ ошондой эле эки айыпталуучу Элвира Маматханова менен Князь Куляшов бир аптадан кийин ачкачылык акциясын токтотушканы кабарланды. Буга адвокаттар менен дарыгерлердин кеңеши негиз болду. Ушул эле күнү кечке жуук өкмөт башчы Данияр Үсөнов ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге сөгүш жарыялады. Буга Петровка окуясына байланыштуу кызматынан алынган мурдагы райондук милиция башчысы Жеңиш Жоробековдун кайра жооптуу кызматка дайындалышы негиз берди. Лидери камакта отурган “Жашылдар” партиясы дайындоону кескин сындаган билдирүү тараткан.

Петровка окуясы боюнча алты киши апрелден бери камакта отурушат. Алардын ичинде оппозициянын үч тарапкери бар. Булардан тышкары кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиз менен райондук милиция башчысынын орун басары баштаган милиция кызматкерлери да айыпталууда.

Былтыр 27-апрелде Петровка айылынын тургундары эки жаат болуп чырдашып, бир топ үйлөр талкаланган. Буга төрт жашар кызды жергиликтүү тургундардын биринин зордукташы негиз берген. (BuS)

XS
SM
MD
LG