Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Тарифтерге байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү жардыгы өзгөрдү


Президент Курманбек Бакиев “Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө” жардыкка өзгөртүү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, жардыктын үчүнчү пункту алынып салынды. Эми пенсионерлерге компенсациялардын айырмаланган өлчөмдөрү да, кошумча эки жүз сомдон чыгым да төлөнүп берилет. Ушул жылдан баштап Кыргызстанда электр кубатынын баасы эки эсе, жылуулуктун баасы беш эсе кымбаттады. Айрым талдоочулар мындай кымбаттоолорго байланыштуу төлөнүп берилгени жаткан чыгымдын өлчөмү өтө эле аздык кылат, калктын социалдык жактан аяр катмары жабыркайт, жакырчылык көбөйөт деп айтып чыгышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG