Ооган президенти Хамид Карзай талип согушкерлерин куралды таштап, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүгө чакырды. Карзай Кабул өкмөтү өлкөдө тынчтык жана коопсуздук орнотуу үчүн бар аракетин жумшап жатканын белгиледи. Бир нече күн мурун Лондондо өткөн эл аралык конференцияда талип козголоңчуларын куралдан баш тартууга көндүрүп, ооган коомунун турумушуна тартуу үчүн кеңири программа иштеп чыгуу жөнүндө макулдашылган. Бүгүнкү пресс-конференцияда Карзай анын жарашуу демилгеси Ал-Кайиданын кишилерине багытталбаганын баса белгилеп, Ооганстанда терроризмге орун жок деди.