Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

АКШдагы кыргыз жаштары жаңы кыймыл түздү


Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн, мыйзамдуулуктун сакталышын колдоп, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө максатын көздөгөн кыймылдын уюштуруу жыйыны кечээ Вашингтондо өттү. Жыйында оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун камалышы жана журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу кабыл алынды. Кыймылга Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу маалыматтар менен Интернет аркылуу дүйнөдөгү кыргызстандыктарды кабардар кылып туруу милдети да жүктөлдү. Кыймыл мүчөлөрү Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошооруна үмүт артышууда.

Жаңы кыймыл чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын башын бириктирүү максатын да көздөйт. Кыймылдын уюштуруу жыйынына АКШнын ар кайсы аймактарынан чогулган 30 чакты кыргыз жаштары катышып, кийинки жыйын февраль айына белгиленди. (SM)

XS
SM
MD
LG