Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Казак тышкы иштер министри АКШга ЕККУнун төрагасы катары барат


Канат Саудабаевдин АКШдагы үч күндүк сапары эртең башталат. Казак тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Аскар Абдрахмановдун журналисттерге билдиргенине караганда, Саудабаев Вашингтондо АКШ өкмөтүнүн, Конгресстин өкүлдөрү менен эки тараптуу мамилелерди, ага катар эки өлкөнүн ЕККУ алкагындагы байланышын талкуулайт.

Канат Саудабаев ошондой эле АКШнын Хельсинки комиссиясында, Атлантика кеңеши деген иликтөө уюмунда да сөз сүйлөмөкчү. Ал эми жума күнү казак тышкы иштер министринин ЕККУдагы төрагалык боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинде баяндама жасоосу белгиленген.

Казакстан ЕККУдагы төрагалыкты быйыл январда Грециядан өткөрүп алды. Ал төрагалыкка умтулган кезинде шайлоо, саясий партиялар, массалык маалымат каражаттар боюнча мыйзамдарын либералдаштырып, аларды демократиянын стандарттарына жакындаштырууну убада кылган. Бирок адам укуктарын коргоочу уюмдар казак тарап буга чейин киргизген өзгөртүүлөр косметикалык мүнөздө гана болгонун жана Казакстан демократияны колдоого арналган уюмду жетектөө үчүн ылайыксыз экенин белгилеп келишүүдө.

XS
SM
MD
LG