Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

БУУнун өнүктүрүү программасы менен кыргыз парламенти кызматташууда


Жогорку Кеңеш төрагасы Зайнидин Курманов бүгүн БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер менен жолукту. Жолугушууда БУУнун өнүктүрүү программасы менен парламент ортосундагы кызматташтык долбоорлорунун жыйынтыгы тууралуу сөз жүрдү. Спикер парламент долбоорунун алкагында жетишилген ийгиликтер тууралуу токтолду. Өз кезегинде Нил Уолкер бул долбоор жыйынтыгына ичи толгонун билдирип, мындан ары да кызматташууга ачык экенин билдирди. Жолугушууга катышкан БУУнун өнүктүрүү программасынын демократиялык башкаруу програмалык бөлүмүнүн жетекчиси Александр Кашкарев 2010-жылы июнда чет элдик эксперттердин катышуусунда долбоорго аудит жүргүзүлөөрүн билдирди. Тараптар “Миң жылдыктын чакырыктары” программасы боюнча да пикир алышты. (EK)

XS
SM
MD
LG