Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Иран эл аралык коомчулуктун сунушун кабыл алышы мүмкүн


Иран чала байтылган уранды андан ары байытуу үчүн чет өлкөлөргө жиберүүгө даяр. Бул тууралуу президент Махмуд Ахмадинежад шейшембиде Ирандын мамлекеттик телеканалына берген интервьюсунда билдирди. Иран бийлиги бир нече айдан бери маалымат каражаттары аркылуу эл аралык коомчулуктун сунушун сындап келген. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Иран сунушка макул болсо, ал чечимин кубаттайт деди. АКШнын айрым расмий адамдары Иран БУУнун планын кабыл алууга ниеттенип жатса, ал жөнүндө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти кабардар кылууга тийиш деп комментариялашты. Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деген айыптоолорду четке кагып, анын программасы тынчтык максаттарын гана көздөйт деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG